Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы Сейсмология институтуна шилтеме берип билдирди.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Бейит айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жердин силкинүүсүнөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.
2023-жылы ноябрь айында Улуттук статистика комитетинин “Кыргызстандын айлана-чөйрөсү” деген баяндамасында Кыргызстанда калктын 75% сейсмологиялык жактан кооптуу аймактарда жашап жатканы айтылган.
Баяндамада белгиленгендей, сейсмологиялык жактан кооптуу деген 80ден ашуун ири калктуу пункт жер титирөө болушу ыктымал зоналарда жайгашкан.
Home Окуялар тизмеги 5-январга караган түнү Кыргызстанда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду