5-январга караган түнү Кыргызстанда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Seismograph with paper in action and earthquake - 3D Rendering

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы Сейсмология институтуна шилтеме берип билдирди.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Бейит айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жердин силкинүүсүнөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

2023-жылы ноябрь айында Улуттук статистика комитетинин “Кыргызстандын айлана-чөйрөсү” деген баяндамасында Кыргызстанда калктын 75% сейсмологиялык жактан кооптуу аймактарда жашап жатканы айтылган.

Баяндамада белгиленгендей, сейсмологиялык жактан кооптуу деген 80ден ашуун ири калктуу пункт жер титирөө болушу ыктымал зоналарда жайгашкан.