Бүгүн Садыр Жапаров мыкты аталган кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

Бүгүн президент Садыр Жапаров өзгөчө эмгеги таанылып, ар кыл тармакта эмгектенген кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземине катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Түз алып көрсөтүү саат 11:55те башталат.