Ысык-Көл районунун жашоочусунун үйүндө 11 кг марихуана табылып, алынды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун аймагында “Куба” аттуу жаран баӊгизатын ири өлчөмдө чогултуп, аларды сатуу максатында сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Алынган маалыматты текшерүү үчүн Ысык-Көл РИИБде катталып, маалыматтагы адамды аныктоо боюнча башкармалыктын кызматкерлери тарабынан тергөө ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө, ал Ысык-Көл районунун тургуну 1977-жылы туулган Д.К.Т. экендиги аныкталган.

Анын кылмыштуу ишмердүүлүгүн аныктап, жоопко тартуу максатында КРнын КЖКнын 283-бер. 1-б. негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында жашаган дарегинде тергөө амалдарын жүргүзүүдө үйдүн ичинен жатуучу бөлмөдөн бир даана капка жана 1 даана кара түстөгү баштыка салынган өзгөчө жыты бар зат алынып, соттук химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык салмагы 11 кг. 095 гр. түзгөн марихуана жана анын чаӊын түшүрүү үчүн дайындалган чүпүрөк-торчо табылып алынган.