Садыр Жапаров Прагада болгон трагедияга байланыштуу Чехиянын президентине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Прагада болгон трагедияга байланыштуу Чех Республикасынын президенти Петр Павелге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Прага шаарындагы Карлов университетинде ок атуунун кесепетинен адамдар каза болуп, жаракат алгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана чех элине көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм, жарадар болгондордун тезирээк сакайып кетишин тилейм», – деп айтылат телеграммада.