Күзөт кызматынын милиционерлери денеге оор залал келтирген шектүүнү кармап, жергиликтүү ички иштер башкармалыгына өткөрүп беришти

2023-жылдын 21-декабрында саат 23:45 чамасында 102 кызматына Бишкек шаарынын Свердлов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 30 жаштагы П.А. аттуу жаран бычактан жаракат алгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Факт боюнча материалдар Бишкек шаарынын Свердлов РИИБде катталып, Свердлов райондук күзөт бөлүмүнүн ыкчам тобу окуя болгон жерге  келип, бычак жеген П.А. тез жардам унаасы менен ооруканага жөнөтүлгөнү такталган.

Күзөт бөлүмүнүн ыкчам тобунун кызматкерлери окуя боюнча кийинки жагдай тактады, П.А. аттуу жаранды 1999-жылы туулган С.М. аттуу жаран спирт ичимдиктерин ичип жатып бычак менен сайганы аныкталып, ал окуя болгон жерден кармалып, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.