КАР КӨЧКҮДӨ КАЛГАН ЖАРАН АМАН КАЛДЫ

2023-жылдын 22-декабрында саат 17:00 чамасында Каракол — Эңилчек жолунун 81-82-чакырымдарында кар көчкү жүрүп, бул аймакта бара жаткан унааны жолдон сайга сүрүп түшкөндүгү тууралуу маалымат ӨКМдин нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн.

Жерине Ак-Суу райондук ӨКБнын 4 офицери авариялык куткаруу унаасы менен жөнөтүлгөн. ,

Куткаруучулар Чоң-Ашуу ашуусуна барган учурда, тоодон болжол менен 5000 метр куб кар көчкү түшүп, анын 400 метр кубу жолду каптаган бара жаткан Нива үлгүсүндөгү унааны ашуудагы жолдон сүрүп түшкөн.

Бактыга жараша унаанын ичиндеги жаран катуу жабыркаган эмес, куткаруучулар барган учурда жабыркаган жаранды окуяга күбө болгондор унаадан чыгарып оруканага жеткиришкен.

Учурда анын ахыбалы жакшы, оор жаракат алган эмес. Каракол — Эңилчек жолундагы кар көчкү тазаланып, жол бир тараптуу ачылган.