Бишкекте батирден 50 жаштагы аялдын сөөгү табылды

Бишкекте батирден 50 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар 11-кичирайондо жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирдин бекилип калган эшигин ачып, ичинен 50 жаштагы К.Е. аттуу аял кишинин сөөгүн табышкан.