УНААДАГЫ ФЕЙЕРВЕРКТЕР ЖАРЫЛЫП, БИР АДАМ КАЗА БОЛДУ

Ысык-көл облусунун Тоң районунун аймагындагы Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда жарылуучу пиротехникалык каражаттарды ташыган ” HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай жол кырсыгына кабылган.

Кырсыктын кесепетинен фейерверктер жарылып, ири өрттүн чыгышына жол ачкан. Мындан улам саат 21:40та жана 22:04тө Балыкчы шаарынан өрт өчүрүүчү 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт 23:05те чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Тилекке каршы тилсиз жоонун кесепетинен жүк ташуучу унаадагы бир адам каза болуп, өздүгү такталууда.