Бишкекте баңгизат каткан шектүү эки жаран кармалды

2023-жылдын 27-ноябрь күнү саат болжол менен 22:58 чамасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полку тарабынан куралдуу милиция аркылуу кайтаруусунда турган, Бишкек шаарынын Серов көчөсүнүн жайгашкан Пакистан өлкөсүнүн Элчилигин күзөтүп кызматта турган милициянын улук лейтенанты  Руслан Коршунов Элчиликтин имаратынын айлана-тегерегине кайгуул жүргүзүү учурунда, түштүк тарабындагы  шектүү эки адам ар кайсы жерге ар кандай нерселерди уюлдук телефондун жарыгы менен катып жатканын байкап, шек жаралып басып барганда, ал адам бирөөсү жерден кичине желим баштыкчага салынган жашыл-көк түстөгү белгисиз затты алганын көрүп, аны кармап, полктун нөөмөт-бөлүмүнө билдирген.

Нөөмөт бөлүмү тарабынан окуя болгон жерге кармоо тобу, шектүү эки адамды кармап, кармалган адамдардын өздүгүн тактаганда өздөрүнө таандык документ жок болгондугуна байланыштуу өз сөзүндө, 1997 жылы туулган А. уулу А., жана 1993 жылы туулган У.А.Н., болгон.

Шектүү катары кармалышкан адамдар Свердлов РИИБнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.