Нурбек Абдиев Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана ага байланыштуу маселелер боюнча Подкомиссиянын 56-жыйынына катышты

2023-жылдын 21-24-ноябрында Бишкек шаарында Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана Жакынкы жана Орто Чыгыштагы ага байланыштуу маселелер боюнча Подкомиссиянын 56-жыйыны болуп өттү, ал БУУнун баңги заттар боюнча комиссиясынын көмөкчү органы болуп саналат, ошондой эле баңги заттарды көзөмөлдөө жана эл аралык мамилелерди түзүү чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо жана тажрыйба алмашуу үчүн натыйжалуу аянтча болуп саналат.
Подкомиссиянын ишине 80ден ашык делегат катышты, алар Азербайжан, Бахрейн, Индия, Иран, Ирак, Иордания, Казакстан, Кувейт, Кыргызстан, Катар, Оман, Пакистан, Сауд Арабиясы, Тажикстан, Бириккен Араб Эмираттары, Йемен, Түркмөнстан, Армения, Германия, Италия, Россия, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы, ЦАРИКЦ, Европа Биримдиги, Баңги кылмыштуулукка каршы маалымат борбору, Араб өлкөлөрүнүн ички иштер министрлер Кеңешинин Катчылыгы жана башкалар.
Иш-чаранын ачылышында куттуктоо сөздөрүн Улуу Урматтуу Мигель Камило Руис Бланко, БУУнун наркотикалык заттар боюнча комиссиясынын төрагасы Гада Вали айым, БУУ БКБнын аткаруучу директору Ашита Миттал айым, БУУ БКБнын Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү, КР Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, КР Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек жана медициналык техника Департаментинин директору Мариям Джанкорозова сүйлөштү.
Нурбек Абдиев өз сөзүндө иш-чаранын катышуучуларын Подкомиссиянын 56 жылдык мааракеси менен куттуктап, Подкомиссия жарым кылымдан бери баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүгө багытталган аймактык иш-чараларды координациялоо жана кызматташууну өнүктүрүү боюнча өз милдеттерин аткарып келе жаткандыгын, ошондой эле бул чөйрөдөгү артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоодо жана БУУнун баңги заттар боюнча комиссиясынын сунуштарын иштеп чыгууда ролу чон экендигин белгиледи.
Подкомиссиянын катышуучулары глобалдык баңги көйгөйүн чечүүдөгү аймактык жана субрегионалдык кызматташтыкка тиешелүү актуалдуу маселелерди, анын ичинде баңги затын мыйзамсыз өстүрүүнү жана өндүрүүнү кыскартуу жана альтернативдик өнүгүүгө көмөктөшүү, кылмыштуу кирешелерди адалдоого, мыйзамсыз финансылык агымдарга жана баңги бизнесинде “көмүскө тармакты” жана криптовалюталарды колдонууга каршы күрөшүү, прекурсордук химиялык заттарды мыйзамсыз өндүрүүгө каршы күрөшүү жана баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү менен айлана-чөйрөнүн ортосундагы байланышты изилдөөнү талкуулашты.
Сессиянын жыйынтыгы боюнча төрагалык кылуучу өлкө Кыргыз Республикасы тарабынан БУУнун баңги заттар боюнча комиссиясынын 2024-жылдын мартында Вена шаарында өтө турган кезектеги отурумунда аларды кароо жана дүйнөлүк баңги заттарга көзөмөлдү аныктоодо колдонуу үчүн карала турган сунуштамалар кабыл алынды.