Кара-Сууда бир түндө 12 баш бодо мал уурдаган адамдардын тобу кармалды 

Ош облусунун Кара-Суу районунда бир түндө 12 баш бодо мал уурдаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-ноябрга караган түнү белгисиз жарандар Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын эки жашоочусу милицияга кайрылып, 6дан баш бодо малдарын уурдап кетишкени тууралуу билдиришкен.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ош областтык ИИБнын кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш чаралардын жүрүшүндө уурдалган малдар жүк ташуучу автоунаа менен Баткен областынын аймагына ташылып кеткендиги белгилүү болгон.

Иликтөө иш- чаралардын жыйынтыгы менен жогорудагы мал уурулук фактыларына катышы бар адамдар такталып, алар Кара-Суу районунун тургундары мурда бир нече жолу соттолгон 1996-жылы туулган К.А., 1992-жылы туулган Б.Н., 1994-жылы туулган Ж.У., Кадамжай районунун тургуну 1985-жылы туулган К.Т., экендиги аныкталып, шектүүлөр Кара-Суу РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан УКЖга киргизилди.

Учурда жогоруда кармалган кылмышка шектүүлөр дагы башка мал уурулук фактыларына катыштыгы бар экендиги боюнча ыкчам иликтөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.