Кыргызстанда пенсионерлер дарыларды мамдарыканалардан 60-70% арзан сатып ала алат

Кыргызстанда пенсионерлер дарыларды мамлекеттик дарыканалардан жеке дарыканаларга караганда 60-70% арзан сатып ала алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, учурда министрликте пенсионерлерге мамлекеттик дарыканалардан дары-дармек сатып алууда кошумча жеңилдиктерди киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

“Алар ишке ашырылгандан кийин пенсионерлер дарыларды жеке дарыканаларга караганда 60-70% арзан сатып ала алышат», – деди ал.

Эскерте кетсек, мамлекеттик дарыканаларда маанилүү дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектин түрү бар, аларды калк жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып алат.