Бишкектин мектептери күзөтчүлөр менен камсыздалып, айлыктар шаардык бюджеттен төлөнөт

Бул туурасында бизге мэриянын Билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Ал үчүн шаар бюджетинен быйылкы жылга 34,8 млн. сом каралган. Биринчи Май районундагы мектептерде күзөт агенттиги буга чейин эле иштеп келген. Свердлов, Ленин райондорунда эми ишке киришет, ал эми Октябрь районунда жеке ишканалардын арасында сынак кайрадан жүргүзүлөт.

Буга чейин мектептерде акчалай төлөмдөргө жана фонд түзүүгө тыюу салган президенттин жарлыгы чыккан. Андан соң мэрия коопсуздук кызматкерлери мектептерден кете баштаганын билдирген.