Россиянын “кара тизмесине” кирген кыргызстандыктардын саны 47 миң 989 адамды түздү

2023-жылга карата Россиянын “кара тизмесине” кирген кыргызстандыктардын саны 47 миң 989 адамды түздү. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан “Мекендештер – 2023” форумунда айтылды.

Учурда тиешелүү орган кызматкерлери тарабынан мекендештерди “кара тизмеден” чыгаруу боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды.