Жыл башынан бери ИИО кызматкерлерине 150 унаа, 21 мотоцикл берилди

Жыл башынан бери Ички иштер органынын кызматкерлерине 150 унаа, 21 мотоцикл берилди. Мындай маалымат Ички иштер министрлигинин 9 айдагы ишмердүүлүгү боюнча маалыматта келтирилген.

ИИМден билдиришкендей, тиешелүү кызматтар жана бөлүктөр 600 даана компьютердик жана башка колдонуучу заманбап техникалык каражаттар менен камсыздалды.

“Мунун бары материалдык-техникалык базаны чыңдап, милдеттерди ыкчам аткаруу үчүн өнөктөштөрдүн, демөөрчүлөрдүн жана өлкө жетекчилигинин колдоосу менен ишке ашырылды”, – деп айтылат маалыматта.