КР ТИМ башчысы Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу “Борбордук Азия – Корея Республикасы” 16-форумуна катышуунун алкагында бүгүн Ашхабадда өткөн.

Кыргызстандын Тышкы иштер ведомствосунун башчысы Түркмөнстандын башчысы менен кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын ар түрдүү тармактардагы аракеттенүүнүн негизги маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө түркмөн лидери соода-экономика, инвестиция жана маданий-гуманитардык чөйрөдө эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө жеке колдоосун көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.