
Бишкектин Свердлов районунун “ДОсОО-Форт” базарынын маңдайында муниципалдык аймакта жайгашкан май токоч сатылган күркөдөн өрт чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ведомствонун маалыматына караганда, жерине 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 13:45те чектөөгө алынган, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө.
Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн жалпы аянты 70 чарчы метрди түзөт.
Кырсыктан жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.