Каракол шаарындагы № 1 инновациялык гимназия-мектебинин 9-классынын окуучусу өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык окуя 27-октябрда болгон.
Министрлик билдиргендей, каза болгон баланын апасы уулун электрондук тамеки менен кармап алып, атасына айткан. Ата-энеси баласын урушуп койгон. Алардын айткан сөздөрүн катуу кабыл алган бала өз өмүрүнө кол салган.
Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева маркумдун үйүнө барып, ата-энесине кайрат айтты.
Мекеме электрондук тамекинин ар кандай жарнамалык роликтер аркылуу сатылышын тыюу салуу боюнча депутаттардын демилгесин колдорун жана ага мыйзам чегинде чектөө киргизүүнү сунуштай турганын кошумчалады.