Кара-Балтада массалык мушташта өспүрүм октон жаракат алды

Окуя 25-октябрда болжол менен саат 1:00дөр чамасында Сосновка бурулушу деп аталган аймакта болгон

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы  билдиргендей, мушташка 16-18 жаштагы өспүрүмдөр катышкан. Алардын бири мергенчилик мылтыктан ок чыгарып, 15 жаштагы бала тизесинен жарадар болгон. Жабырлануучу Жайыл райондук травматология бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция кызматкерлери мушташтын катышуучуларын кармап, ички иштер бөлүмүнө жеткиришти. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «курал колдонуу менен жасалган бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголду. Мергенчилик мылтыгынан ок чыгарган өспүрүм аныкталып, ал Алексеевка айылынын 18 жаштагы тургуну болуп чыкты. Өспүрүм убактылуу кармоо жайына киргизилди