Бишкекте министрликтердин биринин кызматкери баңгизат менен кармалды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан сатуу максатында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин биринин жетектөөчү адиси кармалган.

2023-жылдын 22-октябрькүнү болжол менен саат 21:40 чамасында ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери ыкчам-издөө чараларын жүргүзүүдө Бишкек шаарынын Манас проспектисинде жайгашкан турак үйдүн короосунда 1989-жылы туулган Ч.М.Т. аттуу жаранды кармашкан, аны кармоо учурунда тоголоктошкон формадагы кочкул жашыл заттарды жерге ыргытууга аракет кылган.

Кармалган жарандын жашаган жери боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө. Ч.М.Т. Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын “Гектар” аттуу кызматтык издөө итин колдонуу менен 10 даана өлчөмдөгү баңги каражаттар табылган жана алынган.

Алынган буюмдардын жалпы саны 18 даана болду. Жүргүзүлгөн экспертизага ылайык, алынган баңгизаттар кара куурайдын “гашиш” чайыры экени аныкталган.

Ч.М.Т. жарандан алынган баңгизаттар “Ооган чарсы” деп аталат.

Тергөө учурунда шектүү соттун чечимине ылайык Бишкектеги тергөө абагына киргизилди.