“Альянс Алтын” салык түрүндө Кыргызстандын бюджетине 13,8 млрд сом төлөдү

2015-жылдан бери “Альянс Алтын” компаниясы Кыргызстандын бюджетине салык түрүндө 13 млрд 804 млн 100 миң сом чегерген. Бюджетке төгүлгөн салыктын жалпы суммасынан 9,5 млрд сом алтынды сатуудан түшкөн кирешенин эсебинен төлөнгөн. Аталган сумманын 4,3 млрд сому үстүбүздөгү жылдан январь айынан октябрь айыне чейин төлөнгөн.

Быйыл он айда жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүгө жана сактоого сатуудан түшкөн каражаттан 2% беренеси боюнча 995,2 млн чегерилип, анын ичинен Талас облусун өнүктүрүү фондуна 497,6 млн сом, Талас районунун өнүктүрүү фондуна 298,5 млн сом жана Бекмолдо айыл аймагын өнүктүрүүгө 199 млн сом бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө “Альянс Алтын” ЖЧКсында 857 кызматкер эмгектенет. Алардын 832 Кыргызстандын жарандары, 25 – чет элдик адистер. Жалдып кызматкерлердин 60% ашыгын Талас облусунун тургандары түзөт. Жумушка алынаардан мурда компания тарабынан 361 адам тоо-кен тармагы боюнча окутуудан өткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө алардын арасынын 222 киши тандоо комиссиясынан өтүп, Жерүй алтын кенине ишке орношкон.