Бишкекте автотранспорт жана жол чарба кызматкерлеринин күнү белгиленди 

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Шаар мэри бардык транспорт кызматкерлерин жана тармактын ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, бакубатчылык жана мындан аркы кесиптик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде шаардык транспорт кызматтарында өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Бишкек шаарынын мэриясынын төш белгилери, Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.