Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы товар жүгүртүү $7,8 млн түздү

2023-жылдын январь-август айларында Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы айыл чарба продукциясынын товар жүгүртүүсү 7,8 млн долларды түзд. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен экспорт 336,1 миң долларын, импорт 7,5 миллион долларды түзгөн.

Экспорт:

– иштетилбеген тери – 157,7 миң доллар;
– жашылчалар – 115,5 миң доллар;
– эт субпродуктылары жана консерваланган эт азыктар – 62,9 миң долларын түздү.

Импорт:

– кант жана кант кондитердик азыктары – 4,7 млн доллар;
– жемиштер – 1,3 млн доллар;
– кофе, чай жана татымалдар 640 миң доллар;
– дан эгиндери – 398,8 миң доллар;
– жашылчалар – 165,3 миң доллар;
– жашылча жемиштерди кайра иштетүү – 116,3 миң долларын түздү.