Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер Кыргызстанга келди 

Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер Кыргызстанга келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохберди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Мохаммад Мохбер үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.