УКМК: Токмок шаардык ИИБ кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

 Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө 2023-жылдын 19-октябрында КР Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча Токмок ШИИБнин кызматкери, милициянын улук лейтенанты М.Д.К. 178 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.

Токмок ШИИБнин кызматкери арыз ээсинин уулу А.Рды зордуктоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 2 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталган.

Кармалган М.Д.К. КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.