Кыргызстан менен Австрия БУУнун алкагында тоо маселелери боюнча консультацияларды өткөрүүгө макулдашты 

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри Александр Шалленберг менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптар бүгүн Люксембург шаарында ЕБ-БА тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун алкагында жолугушкан.

Анын жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана келечектүү багыттарын талкуулашты. Тактап айтканда, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды мүмкүн уюштуруу маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында БУУнун алкагында тоо маселелери боюнча активдүү консультацияларды өткөрүүгө жана бул багытта биргелешип иштөөнү активдештирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга макулдашышты.

Министр Кулубаев маектешин эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү максатында Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.