ТИМ: Сириядан Кыргызстанга 21 аял жана 62 бала алып келинди

 Бүгүн, 22-октябрда Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын репатриациялоо боюнча “Айкөл-3” атайын операциясы ийгиликтүү ишке ашырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчынын жана министрлер кабинетинин тапшырмасын аткаруу максатында Сириядан Кыргызстанга атайын рейс менен Кыргызстандын жарандары – 21 аял жана 62 бала алып келинди.

“Кыргыз тарап бул репатриация иш-чарасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн көрсөтүлгөн ар тараптуу жардам жана логистикалык колдоо үчүн АКШ өкмөтүнө, ошондой эле БУУнун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетине өзгөчө ыраазычылык билдирет”, – деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Белгиленгенлей, бул миссиянын алкагында кыргыз делегациясы ошондой эле Сириянын түндүк-чыгышындагы калктын муктаждыктары үчүн керектүү дары-дармектер менен гуманитардык жардам көрсөттү.