Кыргызстанда 16-октябрдан 22-октябрга чейин аралыкта 19 миң 985 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
– тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 283;
– мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 300;
– авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 34;
– жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1427;
– транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2942;
– авто ээнбаштык – 3;
– белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4606;
– жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 1;
– башка жол эрежелерин бузуу фактылары –10389;
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 мин 552 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.