Киев – Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жол белгилери өзгөртүлөт

Бишкектин Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жол белгилери өзгөртүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, транспорт каражаттарынын агымына анализ жана иликтөө жүргүзгөндөн кийин, ошондой эле жол кыймылын уюштурууну жакшыртуу үчүн Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде батыштан чыгышка карай тилкелер боюнча кыймыл багыттарын өзгөртүү чечими кабыл алынды.

Жакынкы арада белгилер алмаштырылгандан кийин, экинчи тилкеден оңго бурулууга мүмкүнчүлүк болот.

Бул чаралардын бардыгы шаардык транспорт инфратүзүмүнүн шарттарында шаардыктардын ыңгайлуулугун максималдуу камсыз кылуу үчүн колдонулууда.