Саламаттык сактоо министри Сокулуктагы фармацевтикалык заводго барды 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облусунун Сокулук айылында жайгашкан «Биовит» ЖЧКсынын фармацевтикалык заводуна барды.

Ведомстводон билдиришкендей, иш сапардын алкагында министр компаниянын өндүрүш процесстери, инновациялык технологиялар жана дары-дармектерди өндүрүүдө колдонулган сапатты көзөмөлдөө менен таанышты.

Заводдун башкы директору Рахим Бабаев министрге экскурсия жасап, GMP шарттарына жооп берген өндүрүш цехтерин, эл аралык стандартка лайык аккредитацияланган ISO 17025 лабораториясын, курулуп жаткан жаңы заводду жана дары-дармек сактоочу кампаны көрсөттү.

Алгач министр таблетка жана капсула түрүндөгү генерикалык дарыларды чыгаруучу цехти көрүп чыгып, таблетка, капсула, порошоктордун даярдалышы менен таанышты. Завод стерилдүү эмес генерикалык дарылардын 90дон ашык түрүн чыгарат: таблеткалар, капсулалар, порошоктор, суспензиялар жана сироптор. Цехтер кымбат баалуу өндүрүш жабдуулары жана HVAC системасы (жылытуу, желдетүү, кондиционерлөө жана абаны тазалоо системалары) менен жабдылган. Өндүрүш цехтери GMP стандарттары боюнча иштейт.

Андан соң ISO 17025 эл аралык стандартынын талаптарына ылайык аккредитацияланган дары-дармек каражаттарынын сапатын контролдоо боюнча заманбап лабораторияны көрсөтүштү жана стерилдүү дарыларды: ири көлөмдөгү парентералдык эритмелерди, көз тамчылар. Белгилей кетсек, мындай долбоор Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылып жатат.

Министр «Биовит» ЖЧКсынын өндүрүш көлөмүн көбөйтүү жана дары-дармектердин ассортиментин кеңейтүү боюнча пландарын колдоп, жактырды. «Биовит» ЖЧКсы 20 жылдан ашык өндүрүштүк ишмердүүлүгүндө продукциянын ассортиментин кеңейтип гана тим болбостон, башка сатуу рынокторун да өнүктүрдү – Россия, АКШ, Түркия, Германия, Чехияга продукцияны импорттоочу болуп саналат.

Өндүрүлгөн дары-дармек каражаттарынын ассортименти кеңейүүдө, ошол эле учурда ички дары-дармек рыногуна дары-дармектердин сапаты талаптагыдай кепилдик менен импорттолгон аналогдордон төмөн баалар сунушталууда.

Саламаттык сактоо министринин «Биовит» ЖЧК фармацевтикалык компаниясына болгон иш сапары саламаттык сактоо сектору менен фармацевтика тармагынын өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө багытталган маанилүү окуя болду.

Иш сапар ошондой эле өлкөдөгү фармацевтика тармагын өнүктүрүүнү жөнгө салуу жана стимулдаштыруу маселелерин талкуулоого мүмкүнчүлүк түздү. Министр жана компания өкүлдөрү дары-дармектердин жеткиликтүүлүгү, продукциянын коопсуздугу жана натыйжалуулугу, ошондой эле жаңы дарыларды изилдөө жана иштеп чыгуу сыяктуу маанилүү аспектилерди талкуулашты.

«Биовит» ЖЧКсы саламаттык сактоо менен фармацевтика тармагынын калкты сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык продуктылар менен камсыз кылууга багытталган кызматташуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.