Садыр Жапаров Камчы Көлбаевдин жок кылынышын иликтөөнү тапшырды

Президент Аскер прокуратурасына Камчы Көлбаевдин жок кылынышы боюнча иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Садыр Жапаров бул окуя тууралуу интернет булактарынан билгенин жана дароо башкы прокурор Курманкул Зулушевге телефон чалганын белгиледи.

«Аскер прокуроруңду алып, өзүң барып, жеринен көрүп мага так маалымат берчи деп жибердим. Ал барып, жеринен көрүп мага кайра чалды. Атышуу болуп кетиптир, өлүм бар экен, жарадарлар бар экен деди», — деп айтты мамлекет башчысы.

Анын айтымында, УКМКнын атайын операциясы мыйзамдуу түрдө жүргүзүлгөнбү же жокпу, аны аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

«Азыр тергөө жүрүп жатат. Жыйынтыгын күтөлү», — деп кошумчалады Садыр Жапаров.

Эске салсак, 4-октябрда Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө Камчы Көлбаев жок кылынган. УКМКнын басма сөз борбору уюшкан топтун лидерин кармоо жүргүзүлүп, куралдуу каршылык көрсөткөндөн кийин өлтүрүлгөнүн билдирген.

Ушундан кийин социалдык тармактарда кримавторитеттер Улан Токтосунов (Сакал), Кадырбек Досонов (Дженго), Улан Барчакеев (Узун Улан), Бактыбек Аманкулов жана Алмазбек Эрмекбаевдин криминалдык макамдан баш тартып, мындан ары Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого убада берген видео кайрылуулары пайда боло баштады.