“Мен өлтүргөн эмесмин”. Бишкекте аялды эки баласы менен өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Ашыралиев сотто көрсөтмө берди

Эске салсак, быйыл 16-февралда 51 жаштагы Алтынай Ханзаманова жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу өз үйүндө киши колдуу болгон.

Айыпкердин айткандары:

▪️Алтынай эже “балдардын атасы жок” деген, “крестный отец” катары жардам берчүмүн. Ортобузда интимдик байланыш болгон эмес.

▪️Ошол күнү мен келгенче ичимдик ичиптир. Балдарын урушуп атты, бир карасам кызын сабап, чачынан жулуп жатыптыр.

▪️Бычакты кызы Сайкал дагы кармап турган. Ал “бизди балдар үйүнө берип сал” деп кыйкырып атты. Ошондон кийин эсимде жок. Өлүк жатканы эсимде.

▪️Милиция чакырбай, коркуп, качтым окшойт. Кийинки күнү турнир бар болчу, үйгө барып, костюм кийип кеттим.

▪️Алтынай эже балдарын көп урчу. Бир жолу кызына бычак менен тап берип, Сайкал ваннага жашынып калыптыр.

▪️Алтынайды мен, балким Сайкал өлтүрдү. Ызы-чуу болуп жаткан.

▪️Балдарды Алтынай эже өлтүрүшү мүмкүн…

▪️Баланын өлүгүн көрүп, үстүн жаап, коркпосун деп оюнчугун жанына коюп койгом.

▪️Биринчи көрсөтмөдөн баш тартам, анткени милиционерлер кыйнаган. Арак ичкем, өзүмдө эмес элем. Баштык кийгизип, сабашты. Мен өлтүргөн жокмун, кудай турат деп жаттым.

▪️Мен өлтүргүм келсе таксиде, бет капчан кол кап кийип бармакмын. Аны азыр эч ким билбейт болчу.

▪️Аялдан акча, унаа, квартира алды дегендин баары калп. Тескерисинче, ал мага 30 миң доллардай карыз.

▪️Дары ичем, намаз окуйм, тренировка кылып эстегенге аракет кылам. Мен балдарды өлтүрмөк эмесмин, коргонуучу реакция болду окшойт.

▪️Салим менин балам эмес, атасы ким экенин айтчу эмес.
▪️Аялым маркум тууралуу билчу эмес. Мен көбүнө жардам берчүмүн, баарын айтпайм да.