Камчы Көлбаевдин өлүмү үчүн өч алууга келген Өзбекстандын жарандары кармалды

Үч жалданма киши өлтүрүүчүлөр Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, бул адамдар Кыргызстанга “мыйзамдагы ууру” Камчыбек Асанбектин (Камчы Көлбаев) өлүмү үчүн өч алууга келишкен. Кармоо учурунда алар бир катар жарандарды өлтүрүүгө катыштыгы бар экени жана издөөдө жүргөнү белгилүү болду.

Алардын өздүгү такталып, Өзбекстандын жарандары экенин аныкталган:

— Каримбердиев Ойбек Аббас уулу, 1997-жылы туулган;

— Рустамов Азамат Шухратович, 1996-жылы туулган;

— Абдулкаффаров Исламхон Абдусамат уулу, 1994-жылы туулган.

«Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндөгү көрсөтмөгө ылайык, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү аларга Камчыбек Асанбектин өлүмү боюнча өч алуу «буйругун» беришкен. УКМКнын ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында «Альфа» атайын кызматы менен биргеликте жогорудагы кылмышкерлер 13-октябрда Бишкек шаарынан кармалып, Өзбекстандын укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.