Кыргызстан жыл башынан бери мамкарызды төлөөгө 31,3 млрд сом жумшады

2023-жылдын январь-сентябрь айларында республикалык бюджеттен Кыргызстандын мамлекеттик карызын (ички + тышкы) төлөөгө 31 млрд 200,7 млн сом которулган.

Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ичинен:

– мамлекеттик тышкы карызды төлөөгө – 22 млрд 457,9 млн сом;
– мамлекеттик ички карызды төлөөгө – 8 млрд 742,8 млн сом жумшалган.