«Авангард стиль» курулуш компаниясынын башкы директору Эрнис Минкеев кармалды

Кыргызстандагы эң ири компаниялардын «Авангард стиль» курулуш компаниясынын башкы директору Эрнис Минкеев кармалды.

“Кабар” агенттигине Октябрь райондук сотунан билдиришкендей, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун тергөө судьясынын 2023-жылдын 9-октябрындагы чечими менен УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ага тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып, М.Э.И.ге карата 2023-жылдын 4-ноябрына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, Жазаларды аткаруу кызматынын 21-мекемесине(СИЗО-1) камакка алынган.

Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгү (Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен айыпталууда.