Кыргызстандын карате боюнча курама командасы Бишкекке учуп келди 

 Кыргызстандын карате боюнча улуттук курама командасы Азия оюндарынан кайтып келди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, КР Карате федерациясынын өкүлдөрү жана спортчулардын жакындары тосуп алды.

Белгилей кетсек, 84 кг чейинки салмакта Адилет Шадыканов күмүш медаль тагынса, 75 кг чейинки салмакта Назым Нурланов коло медалга ээ болгон.

Ошондой эле 9-октябрда Азия оюндарына катышкан курама команданын жарымы Бишкекке учуп келген.