Баңгизат сатууга шектелип коңшу мамлекеттин жараны кармалды

ИИМдин БМЖКККнын «Мак-2023» атайын иш-чаранын алкагында «Транзит» коддуу ат менен атайын операция жүргүзүү учурунда ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлгөн, анын жүрүшүндө Баткен облусунун Кадамжай районунун Ынтымак айылында Өзбекстан Республикасы менен чек арадан алыс эмес жерде жайгашкан 1998-жылы туулган А.Ж. аттуу коңшу мамлекеттин жараны кармалган.

Кармалган шектүүнүн оң колунда көк түстөгү бир полимер баштык алынып, анын ичинде сары скотч менен оролгон 5 даана брикет, кара күрөң түстөгү өзгөчө жыттуу зат болгон.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат кара куурайдын афган тектүү “гашиш” (чарс) чайыры, таза салмагы 4 кг 958 грамм болуп аныкталган.

Аталган факты боюнча А.Ж. аттуу жаранга карата кылмыш иши козголуп, баш коргоо чарасы тандалып алынган. Ага ири өлчөмдө сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталууда.