Жогорку Кеңеш күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча маалыматты угуп, токтом кабыл алды

Жогорку Кеӊештин жыйынында депутаттар “Кыргызстандын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча КР министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу” маалыматты укту. Депутаттардын суроолоруна төрага Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү жооп беришти.

Депутат Улан Бакасов Нарын облусу кара алтындын кенине бай болгону менен аймакта кышкысын көмүр тартыш жана баасынын кымбат экенин белгилеп, кенди иштетпеген компаниялардын лицензиясын алууну суранды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтылган маалымат текшерилип, кен казбаган компаниянын лицензиясы жокко чыгарылат деди.

Депутат Азизбек Турсунбаев быйыл көмүр сырттан канчадан алынып жатканын тактады. Министр Т.Ибраев быйыл 59 доллардан алынып жатканын ырастады.

Ал эми депутат Чолпон Султанбекова Кадамжай районундагы жаратылыш газы 2008-жылга чейин чыгып келгенин белгилеп, токтоп калган көгүлтүр отту кайрадан чыгаруу аракетин көрүү зарылдыгын айтты.

Депутат Таалайбек Масабиров 3 жыл ичинде электр энергиясынын кирешеси менен чыгашасы эмненин эсебинен теңелерин тактады. Энергетика министри Т.Ибраев күн жана шамал энергиясы жана ири ГЭСтерди куруунун эсебинен кризистен чыгуу пландалып жатканын билдирди.

Эл өкүлү Айбек Осмонов Ош шаары быйыл кышта тоңуп калбайбы деген суроосуна оң жооп алды. Министр белгилегендей быйыл экинчи борборго 15 трансформатор коюлган.

Депутаттар Надира Нарматова жана Руслан Жакышов аймактарда көмүрдүн баасын көзөмөлдөөнү өтүндү. Депутаттар кара отундун баасы 8000 сомго чейин чыкканын эске салды.

Өз кезегинде депутат Камила Талиева өлкөбүздөгү электр энергиясына болгон азыркы кырдаалга жана көмүрдүн кымбаттыгына тынчсыздануусун билдирди. Бул көйгөйдү чечүү үчүн депутат Талиева тиешелүү министрликти борбордогу жана аймактардагы отун камдоо жана отун базаларына көзөмөлдү күчөтүүнү өтүндү. Муну менен катар эл өкүлү борбор калаада чарбалык иштерди жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Депутат Аида Исатбек кызы Тогуз-Торо районуна көмүрдү жетиштүү көлөмдө жеткирүү үчүн логистикалык жана уруксат берүү маселелерин чечүүгө чакырса, эл өкүлү Азамат Исираилов электр энергиясын үнөмдөө боюнча пикирин билдирди. Ал кечинде жана түнкүсүн электр энергиясын колдонууну азайтуу чаралары көрүлүшү керектигин баса белгилеп, жарыктандыруучу тышкы жарнактарды кыскартууну сунуштады.

Мындан тышкары, депутат Гүлшаркан Култаева тарифтик саясат жана өлкөнүн энергетика системасында жетиштүү генерациялоочу кубаттуулукту камсыз кылуу боюнча орчундуу маселелерди көтөрдү.

Жыйынтыгында “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча КР министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору кабыл алынды.