Аламүдүн районунда 2 жаштагы баланын өмүрүн кыюуга шектелип, энеси жана анын жарандык жолдошу кармалды.
Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, 28-сентябрда Аламүдүн райондук милициясына 2021-жылы туулган С.А. аттуу жаш бала белгисиз себептер менен каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя орун алган Аламүдүн районунун Көк-Жар жаңы конушуна ыкчам-тергөө тобу барган учурда, 2021-жылы туулган С.А. аттуу баланын жансыз денеси ар кандай ур-соккудан пайда болгон көк-алалары менен табылган.
Факт Аламүдүн РИИБине катталып, КР КЖКнин 122-беренесинде көрсөтүлгөн (адам өлтүрүү) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, каза болгон баланын денесине ар кандай оор жаракаттар келтирилген, боору жарылып кеткени, денесинде күйүктөр аныкталган.
Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип, баланын энеси, 23 жаштагы К.А. жана анын жарандык жолдошу, 27 жаштагы М.А.А. аттуу чет мамлекеттин жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизген.
Учурда тергөө иштери уланууда.