Сокулукта адам өлтүрүү фактысы боюнча издөөдө жүргөндөр кармалды

Сокулукта адам өлтүрүү фактысы боюнча издөөдө жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 22-сентябрда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын клиникалык ооруканасына Жаңы-Жер (20-хутор) айылынын тургуну 1954-жылы туулган А.А. аттуу жарандын октон алган жаракаттан улам жанысыз денеси жеткирилгендиги жана Жаңы-Жер айылынын (20-хутор) 1986-жылы туулган Г.М. аттуу жаран октон алган жаракаттан улам келип түшүп жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Аталган факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул окуя Жаңы-Жер айылындагы жашоочулар ортосундагы чырдан улам болгондугу аныкталган.

Кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан бул окуя боюнча тергөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жыйынтыгында 100дөн ашык адам суракка алынып, 27 тинтүү жүргүзүлүп, мыйзамсыз курал-жарактар жана ок-дарылар табылган.

Мындан тышкары, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, төмөнкү жарандар кармалган: 1954-жылы туулган Д.М., 1988-жылы туулган М.М., 1997-жылы туулган М.М., 1990-жылы туулган Д.Г., 1998-жылы туулган М.М., жана 1958-жылы туулган А.Х. аттуу жарандар кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эскерте кетсек, адам өлтүрүүгө шектелген жарандар 1982-жылы туулган Абдуллаев Курбангаджи жана 1979-жылы туулган Даудов Магомед-Эмин өзгөчө оор кылмыш жасап, белгисиз тарапка качып, издөөгө алынган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2023-жылдын 26-сентябрында саат 03.00 чамасында жогорудагы издөөгө алынган жарандар Кыргыз Республикасынын КЖКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул окуя боюнча ИИМ кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө: Сайга-МК, 7,62 мм калибрдеги 10 ок-дары (Восток айылынын жанындагы талаага катылган) жана АК -74 автоматы, 51 ок-дары (Васильевка айылынын жанындагы талаага көмүлгөн) табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшү жана жүргүзүлүп жаткан бардык иштер ИИМ жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып, учурда тергөө иштери уланууда.