Балдарына апаларынын аттарын беришсин! Депутат соттордун матчество боюнча чечимин сынга алды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында депутат Чыңгыз Ажыбаев Конституциялык соттун бардык курамын кызматтан кетирүүнү талап кылды.
Эл өкүлдөрү Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого мүмкүндүк берген конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жатышат.
“Башаламанга алып келген Конституциялык соттор өздөрү балдарына апаларынын аттарын койсун. Колдоп жатабы? Берип коюш керек. Булардын колдогон демилгесин Кыргызстандын 90 пайыз калкы колдобойт. Ушуга алып келдиби, анда жоопко тартыш керек аларды”, – деди Чыңгыз Ажыбаев.