Бишкекте “Техникалык абал” жана “Коомдук транспорт” аталышында рейд өткөрүлүүдө

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Техникалык абал” жана “Коомдук транспорт” аталышында рейд өткөрүлүүдө.

Бишкек шаарында жүргүнчү ташуу менен алектенген мекемелеринде эртең мененки унаа каражаттарын техникалык кароо, айдоочуларды медициналык кароо учурларын текшерүү жүргүзүшүүдө.

Батыш автобекетинде мекемелердин айдоочулары арасында, ар бир айдоочу менен жеке профилактикалык маектешүү өткөрүшүүдө.

Бул иш-чара жолдогу жүргүнчү ташуу менен алектенген унаа каражаттары жол транспорт кырсыгына кабылуусун алдын алууга багытталып, эң негизги жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна терең көңүл бурууларын эскертишти. Текшерүү учурунда аныкталган кемчиликтер үчүн жүргүнчү ташыган мекеменин жетекчисине 28 миң сомго айып протоколу толтурулуп берилди.