Садыр Жапаров Нью-Йорктун мэри Эрик Адамс менен бейформал жолугушуу өткөрдү 

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарынын мэри Эрик Адамс менен бейформал жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, мамлекет башчысы менен Нью-Йорктун мэри өз ара байланыштарды, анын ичинде эки өлкөнүн шаарларынын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүнү талкуулашкан.

“Ошондой эле алар тараптардын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашты”, – деп кошумчалады Эрбол Султанбаев.