Интимдик мүнөздөгү сүрөттөр менен шантаж кылып, акча каражатын опузалап талап кылган жаран кармалды

2023-жылдын 17-сентябрь күнү милицияга арыз менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун жашоочусу (аял киши) кайрылган. Ал арызында акча каражатын опузалап талап кылып жаткан жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

🔴Шектүү жаран “интимдик мүнөздөгү сүрөттөрдү интернетке чыгарам” деп коркутуу менен тынымсыз түрдө 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылып келген. Буга чейин ал 2021-жылдан бери шантаж жолу менен арыздануучудан 200 миң сом алган.


🔴Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.


🔴Жогорудагы факты боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча 3-башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн.

🔴2023-жылдын 19-сентябрь күнү Базар-Коргон районунун аймагынан жабырлануучудан 25 миң сом акча каражатын накталай алып кетип бара жаткан жеринен шектүү кармалган. Кармалган учурда шектүү өзүнүн “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаасы менен кетип жаткан.

🔴Кармалган жарандын өздүгү такталып, ал Жалал-Абад облусунун 1987-жылы туулган М.У. болуп чыккан. Бул кармалган жаран Жалал-Абад ШИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

🔴Иликтөө иштери жүрүп жатат.