Башкы прокурор К.Зулушев АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

Бүгүн, 2023-жылдын 20-сентябрында Башкы прокурор К.Зулушев АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушуу өткөрүп, анын алкагында эки тараптуу кызматташуу, адамдарды соодалоонун алдын алуу, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелери талкууланды.

Талкуунун жүрүшүндө Башкы прокурор К.Зулушев АКШ элчисине бул маанилүү тармактагы өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирип, биргелешкен аракеттер адамдарды соодалоонун алдын алууда жана бөгөт коюуда аныктоочу ролду ойной тургандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, эл аралык милдеттенмелерди ишке ашыруу, өз ара кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар биргелешкен аракеттер жана өнөктөштүк менен адамдарды соодалоого каршы күрөштө, адам укуктарын коргоодо маанилүү натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет деген ишенимин билдиришти.