Кыргызстанда “Канал-Перехват” операциясынын жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн 68 килограммдан ашык баңгизаты алынды

2023-жылдын 11-15-сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын аймагында баңгизатка каршы эл аралык “Канал-Перехват” операциясы жүргүзүлгөн. Аталган операцияга 2240 укук коргоо кызматкерлери (ички иштер органдары, коопсуздук органдары жана чек ара кызматтары, бажы кызматтары) тартылган.
«Канал-Перехват» операциясынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында 24 баңгикылмышы катталып, алар боюнча 26 адам кармалган.
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 68 кг 640 грамм баңги каражаттары жана психотроптук заттардын бардык түрлөрү алынды, алардын ичинен:
-32 кг 210 гр гашиш; 
– 31 кг 340гр марихуана;
– синтетикалык баңгизаттар: альфа PVP, мефедрон, 4кг. 247гр- MDMA экстазы. 
Операциянын жүрүшүндө баңгикылмыштары боюнча издөөдө жүргөн 2 адам кармалып, 5 ок атуучу курал алынган.
Операциянын жүрүшүндө республика боюнча учкучсуз учуучу апараттардын комплекстерин пайдалануу менен 16 ыкчам иш-чара жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча Баткен облусунда баңги топтун ишмердигине бөгөт коюлуп, салмагы 2 кг 105 гр болгон афган түспөлүндөгү “гашиш” баңги каражаты менен активдүү мүчөсү кармалган.
Кызматтык издөө иттерин пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын аймагына баңги каражаттардын жана психотроптук заттардын мыйзамсыз ташылып кирүү каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу максатында республиканын автожол-өткөрүү пункттарында 100дөн ашык автотранспорт каражаттары (Фура), ошондой эле мамлекеттик чек арадан өтүүчү башка автотранспорт каражаттары текшерилип чыккан.
Ошондой эле, иш-чаранын алкагында 11-12-сентябрь күндөрү  ИИМдин  БМЖКККнын кинологиялык борборунун кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык иттери менен биргеликте, Кыргызстандын жана Казакстандын ИИМнин кинологиялык кызматтарынын эл аралык машыгууларына  катышып, анын жүрүшүндө объектилерде (АО Казпочта)  баңгизаттарды издөө боюнча практикалык иш-чараларды биргелешип өткөрүшкөн.

ы