“Абактагы жаранды мыйзам жоопкерчилигинен куткарып берем” деп алдамчылыкка шектелген аял кармалды.

      Баткен районунун тургуну бир тууган инисин “абактан чыгарып, ага карата козголгон ишти кыскартып беремин” деп сырттан тааныш болгон аял 50миң АКШ долларын алдоо жолу менен алып, бүгүнкү күнгө чейин бербей качып жүргөнүн билдирип, милицияга арыз менен кайрылат.

      Жогорудагы арыз Баткен РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

      Баткен РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Баткен районунун 41 жаштагы Н.К. аттуу тургуну район аймагынан кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.

      Учурда тергөө иштери уланууда.