Кыргызстанда мамлекеттик дарыканаларды ачуу пландалууда

Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекеттик дарыканаларды ачууну көздөп жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө социалдык аптекалар иштеп жатат.

“Бул дарыканаларда пенсионерлер үчүн бардык керектүү дары-дармектер бар. Келечекте мамлекеттик дарыканаларды ачууну пландап жатабыз”, – деп түшүндүрдү министр.