“Кыргызалтындын” автотранспорт ишканасында 12,2 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

Кыргызалтын” ААКнын автотранспорт ишканасы филиалынын ишмердүүлүгүндө каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан “Кыргызалтын” ААКнын автотранспорт ишканасы филиалынын (АТИФ) жооптуу адамдары тарабынан акча каражаттарын мыйзамсыз эсептен чыгарууга байланышкан коррупциялык көрүнүштөрдүн белгилери жана фактылары аныкталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2020-жылдан бери АТИФтин балансында турган ондогон атайын техникалар жана унаалар иштебей турганы аныкталган. Бирок, буга карабастан АТИФтин жооптуу адамдары тарабынан жогоруда аталган техникалар үчүн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып алынып турган.

Ошондой эле, 2019-2021-жылдар аралыгында “Кыргызалтын” ААКнын автотранспорт ишканасы филиалынын мурдагы директору М.М.М. менен жеке ишкер И.Р.К. темир жол рельстерин оңдоо үчүн зарыл болгон материалдарды алып берүүгө жана аларды оңдоо (монтаждоо жана демонтаждоо) боюнча иштерди жүргүзүүгө жасалма келишимдерди түзүшкөн. Бирок, подрядчы тарабынан материалдарды жана жогоруда аталган оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес, ал филиалдын жооптуу адамдарынын өтүнүчү менен гана сынакка катышкан. Подрядчы анын банк эсебине которулган бардык каражаттарды “Кыргызалтын” ААКнын автотранспорт ишканасы филиалынын кызматкерлерине өткөрүп берген.

Ошону менен 2020-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 1-августуна чейинки аралыкта “Кыргызалтын” ААКнын АТИФтин ишмердүүлүгүндө жалпы суммасы 12 млн 242 миң 627 сомду түзгөн финансылык мыйзам бузуулар аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ишкананын мурдагы директору жана башкы инженери КР Кылмыш-жаза кодексинин “Өзгөчө оор өлчөмдө зыян келтирүү менен жасалган коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу” беренесинде каралган кылмыштарды жасаган деген шек менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.